Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

18:31 6.9.2020

Нааразылык акцияларынын катышуучулары Жеңүүчү проспектинде кетип баратышат.

Баш калаадагы каршылык көрсөткөндөр сыяктуу эле Беларустун Гродно жана башка шаарларынын жашоочулары жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө нааразылык акцияларына чогулуп жатышат.

«Азаттыктын» беларус кызматынын маалыматына ылайык Гроднонун тургундарынын шаардын борборуна бараткан колоннасын күч түзүмдөрү айнек завод менен филармониянын жанынан тосуп чыгып кармап киришти. «Медиазонанын» маалыматы боюнча кармоо учурунда газ чачыратылган болушу мүмкүн, анткени адамдар жөтөлгөн бойдон качып баратышты.

17:53 6.9.2020

Күч түзүмдөрүнүн Гроднодогу кызматкерлери нааразылык акциясына чыккандардын колоннасын токтотууга аракет кылып, бир нече адамды кармашты.

17:35 6.9.2020

5-сентябрда Минскиде тилектештик жүрүшүнө катышкан студенттер кармалды. Күч түзүмдөрүнүн беткапчан кызматкерлери номери жок автобустарга студенттерди түртүп киргизип жатышты. ИИМдин маалыматы боюнча жалпысынан өлкө боюнча 91 киши кармалып, алардын ичинен 34 адам сотко чейин темир тор артында калды. Мекеме билдиргендей, акциялар Беларустун 18 калктуу пунктунда өтүп, ага төрт миңдей киши катышты.

17:33 6.9.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG