Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

19:22 23.8.2020

Орусия Беларус бийлигинин оппозиция менен диалог маселеси боюнча кайсы гана чечим болбосун кабыл алат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Ошол эле маалда Лавров “украин сценарийин” эске салып, Беларустагы конституциялык реформага багытталган курсту келечектүү деп эсептей турганын белгиледи.

«Биз Беларустун жетекчилиги өз калкы менен диалог жүргүзүү боюнча кабыл алган кайсы гана чечимге болбосун каршы эмеспиз. Бирок ортомчулук Батыш мамлекеттеринин катышуусу менен гана натыйжалуу болот деп Батыш өлкөлөрү айтса - алар жетекчилик кылган сүйлөшүүнүн айынан тараптар бири-бири менен сүйлөшпөй калганы баарынын эсинде», – деген Лавровдун сөзүн «Интерфакс» жазып чыкты. Орус ТИМинин башчысы «беларус эли бул кырдаалдан кандай чыгарын өзү чечерин» билдирди.

18:57 23.8.2020

18:51 23.8.2020

Беларуста өтүп жаткан митингде демонстранттар курман болгондорду бир мүнөт унчукпай эскерип турушту. 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган митингдерде жалпысынан беш адам өлдү.

18:38 23.8.2020

Минскинин борборуна түмөндөгөн адамдар чогулганы кабарланууда. «Наша нива» каналы Беларус баш калаасында жүз миңдеген адамдын чогулганын жазды. Ал эми оппозициячыл NEXTA чогулгандардын санын 100 миңге чейин деп кабарлап жатат. Ушундай эле маалымат менен "Еврорадио" да бөлүшүүдө. «Ачык медиа» басылмасы Эгемендик аянтына эл жык-жыйма толгонун, ал жакка болжол менен 200-300 миң адам батарын жазды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG