Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

18:17 23.8.2020

Беларустун борбор калаасында түмөндөгөн адамдар чоң митингге чогулушту. Демонстранттар колдоруна ак түстөгү шарларды, “Кет!”, “Өзгөрүүлөрдү каалайбыз!” деп жазылган плакаттарды кармап алышкан.

17:55 23.8.2020

17:39 23.8.2020

Минскинин борборунда миңден ашык адам “Өзгөрүүлөрдү каалайбыз!”, “Кет!” деп ураан чакырып жатышат.

17:27 23.8.2020

Оппозициячыл маанайдагы NEXTA телеграм-каналы баш калаанын кире беришинде өткөрмө текшерүү бекеттери орнотулганын жазды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG