Александр Лукашенконун “НАТО Беларус менен чек арага аскерлерди жиберди” деген сөзү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу НАТОнун өкүлү Оана Лунгеску билдирди. “НАТО Беларус же башка кайсы бир өлкө үчүн коркунуч жаратпайт”, - деди Лунгеску.
Окрестинадагы изолятордо кармалгандарды сабап жаткан күч кызматкерлери.
Эл аралык iSANS жамаатынын эксперттеринин колуна Беларустагы күч кызматкерлеринин аракеттеринен жабыркагандардын саны тууралуу медициналык маалыматтар тийди. Бул маалыматтар эксперттерге жашыруундуулук шартында берилген.
Маалыматка ылайык, 347 адам митингдерди күч менен таратуу маалында да, андан кийин абакка кармалган учурда да жаракат алышкан. Эксперттер “күч кызматкерлеринин иш-аракеттери катаал жана садисттик мүнөздө болгонун” белгилешет.
Александр Лукашенко беларустарды Гроднодогу митингде күч кызматкерлеринин “каталарын кечирүүгө” чакырды. Бул күч кызматкерлери 9-августтагы шайлоодон кийин демонстранттарды сабаган эле.
“Бул силердин эле араңардагы адамдар. Алар кайсы бир жерде ката кетирсе, аларды кечиргиле”, - деди ал.
Ошондой эле Лукашенко күч кызматкелери демонстранттарды митингден кууп-тараткан маалда тартылган сүрөттөрдүн 60% фейк экенин айтты.