"Азаттыктын” беларус кызматынын, тагыраак айтканда “Радыё Свобода” радиосунун сайтына жана башка бир катар сайттарга беларус бийлиги бөгөт койду.
Бул президент Александр Лукашенкого каршы нааразылык акциялары учурунда маалымат айдыңын көзөмөлдөө максатында болууда. Беларустун Маалымат министрлиги 21-августта атайын буйрук чыгарып, дем алыш күндөрүндөгү массалык демонстрациялардан улам, байланышка чектөө коюларын билдирген.
Өлкөдө 72 сайтка бөгөт коюлган. Алардын арасында «Белсат», «Еврорадио» жана «Медиазона Беларусь» агенттиктери да бар. Министрликтин токтому менен 9-августтагы шайлоонун жыйынтыгына байкоо жүргүзүү үчүн түзүлгөн сайттар да жабылды. Мындан тышкары «Вясна» укук коргоо борборуна тиешелүү сайттар да ачылбай калды. Уюм шайлоодон кийинки кармоолор, адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу кырдаалга көз салып жаткан.
Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акцияларында жети миңден ашуун киши кармалган. Жүздөгөн адамдар түрдүү жаракат алып, үч киши каза болгону расмий кабарланган. Кармалгандардын айрымдары полиция тарабынан кыйноого кабылганын айтышкан.
Ондогон журналисттер кармалып, куугунтукка алынган. Алардын ичинде “Азаттыктын” беларус кызматынын кабарчылары да бар.
“Беларус бийлигинин тынч жарандарга күч колдонуусун кечирүүгө болбойт”. Мындай сөзүн президенттикке талапкер Светлана Тихановская 21-августта Вильнюста маалымат жыйынында айтты. Ал ошондой эле бийлик жарандардын талаптарын угат деген үмүтүн да билдирди.
“Беларустун эли тынч митингчилерге карата күч колдонулуп, зомбулук болгонун унута албайт”, - деди Тихановская.
Өлкөдөгү кырдаалга Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү тууралуу суроого жооп берип жатып, Светлана Тихановская коңшу мамлекеттерди Беларустун эгемендигин сыйлоого чакырды.
Беларустун Башкы прокуратурасы 20-августта Тихановская тарабынан Координациялык кеңештин түзүлүү фактысына байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органы муну “Мындай кеңеш мамлекеттик бийликти басып алууга жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүгө багытталган” деп жүйө келтирген.
Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Жыйынтыкка ишенбеген Беларустун тургундары 14 күндөн бери нааразылык акцияларын улантып, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган эмес.
Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы президент Александр Лукашенко жекшембидеги шайлоодо добуштардын 80,23 пайызын алганын билдирди. Комиссиянын төрайымы Лидия Ермошина шайлоонун баштапкы жыйынтыктарын 10-августта Минскиде жарыялады. Ага ылайык, Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановская 9,9% добуш топтоду. Калган үч талапкердин ар бири 2 пайызга жетпеген көрсөткүчкө ээ болду.
Бирок көз карандысыз байкоочулар жана түндө көчөгө чыккан миңдеген митингчилер бийлик добуштарды бурмалаганын, шайлоодо Тихановскаяга добуш бергендер алда канча көп экенин айтып жатышат. Жекшембиде мамлекеттик экзит-полдун жыйынтыгы Лукашенконун жеңгенин көрсөткөндөн кийин миңдеген адамдар Беларустун көпчүлүк шаарларында нааразылык билдирип чыгышты. Баш калаа Минскиде күч кызматкерлери митингчилерди күч менен кууп таратууга аракет кылды.
9-августтагы добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 84 пайызы катышты. 65 жаштагы Александр Лукашенко Беларусту 26 жылдан бери башкарып келет. Бул жолку шайлоого Лукашенконун келишкис атаандаштары, оппозициячыл күчтөрдүн лидерлери катыштырылган жок. Шайлоо өнөктүгү маалында журналисттер, блогерлер жана саясий активисттер сыяктуу ондогон адамдар камакка алынды.
Минскинин борборуна "Тез жардам" унаалары көп келип жатканын күбөлөргө таянып, "Интерфакс" агенттиги жазды
“Азаттыктын” беларус кызматынын кабарчысы Минскинин борборундагы Стелланын жанындагы адамдарды ОМОН кууп, кулак тундурган гранаталарды жардырганын билдирди.
# МотолкоПомоги телеграм каналы Минскиде жабыркагандарга жети “Тез жардам” машинеси баратканын жазды.