Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

02:31 10.8.2020

Минскинин көчөлөрүндө ОМОНдун жүздөгөн соот кийимчен, калканчан жоокерлери демонстранттарга каршы тынбай кулак тундурган граната жардырууда. Аларды суу бүрккөн автомашине коштоп жүрөт. Интернетке тараган видеолордон өрт өчүрүүчү автоунааны да көрүүгө болот.

Жергиликтүү убакыт боюнча 22:55те “Азаттыктын” беларус кызматы жүздөгөн адам борборго чогулганын, шаар борборунун ири бөлүгү блоктолгонун, ОМОН көздөн жаш агызчу граната колдонуп, демонстранттарды аесуз уруп жатышканын маалымдады. Ондогон адам, алардын арасында жөн гана өтүп бараткандар кармалганы, адамдар “Ишен! Колдон келет! Жеңели!” деп кыйкырып жатышканы кабарланды.

02:27 10.8.2020

Минскинин Немига көчөсүндө борборду көздөй бараткан адамдардын тобун автозак сүзүп кеткенин “Nexta” телеграм каналы кабарлады. Элге тараган видеодон кеминде бир адам канжалап жерде жатканын көрүүгө болот. Күбөлөр автозак менен адамдарды атайылап сүздүрүшкөнүн айтып жатышат.

00:43 10.8.2020

Минскидеги “Планета” мейманканасынын жанына чогулган демонстранттар “Жашасын, Беларус”, “Уят” деп кыйкырып жатышат. Экзит-полдун жыйынтыгын айрымдар мына ушундай маанайда кабыл алууда.

Беларустун Могилев шаарындагы «Атриум» соода борборунун жанына жүздөгөн киши чогулганын «Азаттыктын» беларус кызматынын кабарчысы кабарлады. Буга чейин талапкерлер кол тамгаларды чогултуп жаткан аянтты полициянын унаалары менен автозактар курчады. Борбордук Биринчи Май көчөсүндө кыймыл чектелди. Саат 21:00дө атайын даярдыктагы отряд элди аянттан сүрө баштап, кеминде 20 адам кармалган.

23:35 9.8.2020

Расмий экзит-пол — Лукашенко добуштардын дээрлик 80% ээ болду.

Беларустун азыркы башчысы Александр Лукашенко президенттик шайлоодо мамлекеттик экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык добуштардын 79,7% алды. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА маалымат агенттиги билдирди.

Оппозициянын негизги талапкери болгон Светлана Тихановская сурамжылоо боюнча добуштардын 6,8% гана ээ болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG