9-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Кээ бир райондордо жаан катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 29...34;
Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 25...30;
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 27...32;
Бишкек шаарында түнкүсүн 19...21, күндүз 30...32 градус ысык болот.