Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:53

Министрлик сасык тумоого каршы 11 миңден ашык вакцина сатып алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирустун экинчи толкуну күтүлүп жатканына байланыштуу жана респиратордук оорулардын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги тендер жүргүзүп, сасык тумоого каршы 11 миңден ашык вакцина сатып алуу боюнча келишим түздү.

Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Динагүл Оторбаева 30-июлдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, сатып алынган вакциналар өлкөдө тобокелчилик тобуна кирген өнөкөт оорулары, жүрөк-кан-тамыр оорулары бар адамдарды, балдарды жана башка оорулары бар адамдарды эмдеш үчүн аймактарга бөлүнөт. Ошондой эле сасык тумоонун этиологиялык түзүлүшүн жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды аныкташ үчүн тест-системалар менен реактивдерди сатып алуу максаты коюлуп жатат.

Оторбаеванын маалыматына караганда, суук түшкөндө респиратордук вирустук оорулар күч алышы мүмкүн. Өзгөчө октябрь айынан апрель айына чейин ооруга чалдыккандар көп болот. Тобокелчилик тобуна кирген адамдарда илдет абдан оор өтүшү ыктымал. Оорунун мөөнөтү декабрдын башынан февралдын аягына чейин уланат.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 35143 адамды түздү. Андан каза болгондор жалпысынан 1364 кишиге жетти.

Кыргызстандын бийлиги 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирус катары таанып, аны статистикага кошуп эсептей баштаган.

XS
SM
MD
LG