Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:17

Украинанын чыгышында атышпоо режими күчүнө кирди


Луганск аймагына жакын жердеги айылдардагы украиналык жоокер. 14-февраль, 2020-жыл. Украина.
Луганск аймагына жакын жердеги айылдардагы украиналык жоокер. 14-февраль, 2020-жыл. Украина.

27-июлдан тартып Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосунда атышуу токтоду. Андан бир нече саат мурун Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын лидери Владимир Зеленский телефон аркылуу бул тууралуу сүйлөшкөн.

Өткөн жумада Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) өкүлдөрү, Орусия менен Украина атышууну токтотуу тууралуу үч тараптуу макулдашкан.

Зеленскийдин кеңсеси маалымдагандай, украин президенти 26-июлда болгон телефондук сүйлөшүү маалында Путиндин көңүлүн Орусияда, Украинанын чыгышында жана Крымда туткунда отурган украин жарандарына буруп, аларды бошотуу боюнча кадамдарды баштоо зарыл экенин айткан.

Ал эми Кремль тараткан билдирүүгө ылайык, Путин Киевдин жергиликтүү шайлоолорду өткөрүү боюнча чечими Минск келишимине каршы келерин билдирген.

Былтыр мамлекет башына келген Владимир Зеленский шайлоо өнөктүгүнүн маалында Донецк жана Луганск облустарында уланып жаткан куралдуу кагылышууларга чекит коюуга убада берген.

Украинанын чыгышындагы кагылышууда 2014-жылдан бери 13 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

Киев Москваны орусиячыл жикчилерге колдоо көрсөткөнү үчүн айыптап келет. Кремль бул дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG