Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:14

COVID-19: Европанын айрым өлкөлөрүндө оору кайрадан күч алды


Испанияда азыр мындан эки апта мурдагыга салыштырмалуу COVID-19га кабылгандар үч эсе көп катталып жатат.
Испанияда азыр мындан эки апта мурдагыга салыштырмалуу COVID-19га кабылгандар үч эсе көп катталып жатат.

Европада коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чаралар кыйла жумшаргандан бери Испания, Германия, Франция, Грекия өңдүү бир катар мамлекеттерде оору күч алды.

Испаниянын Каталония аймагында бийлик жарандарды мүмкүн болушунча үйдө болууга чакырып жатат. Барселонада 26-июлдан тартып кинотеатрлар, концерттик залдар жана түнкү бар-клубдар эки аптага жабылды. Саламаттык сактоо боюнча аймактык департамент 25-июлда Каталонияда ооруну жугузуп алгандардын саны 90 миң адамга жеткенин билдирди.

Испанияда ушул тушта мындан эки апта мурдагыга салыштырмалуу COVID-19га кабылгандар үч эсе көп катталып жатат. Бул өлкө карантин чараларын бир айдай мурун гана жумшарта баштаган.

Испания - Европадагы оорудан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири. Анда илдетке 290 миңдей адам кабылып, 28 миңден көп бейтап көз жумган. Соңку жагдайдан улам Британия Испанияга барып келген жарандарды эки апта өзүн чектеп, карантинде болууга милдеттендирди.

Дүйнө жүзүндө коронавируска кабылгандар 16 миллион адамдан ашып, каза болгондор 645 миңге жетип калды.

XS
SM
MD
LG