Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Шайлоого камылга вирус коркунучун унуткарды


Ош шаары. 2020-жыл.
Ош шаары. 2020-жыл.

Бишкек мэриясы коронавирус жугузуп алгандар көбөйгөнүнө байланыштуу ири базарлар убактылуу жабыла турганын кабарлады.

Адистер өлкөдө эпидемиологиялык абал курч экенин, ошого карабай буга кайдыгер карагандар көбөйгөнүн белгилешүүдө.

Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов өзгөчө кырдаал шартында жумушка чыккан бардык ишкерлерди санитардык эрежелерди так сактоого чакырды. Талапка баш ийбеген мекеме-ишканалар жабыларын эскертти:

Азизбек Алымкулов.
Азизбек Алымкулов.

«Ош базарында да оору чыкты. Аз күндө бул маселе көтөрүлөт. Базарлардан, чоң соода борборлорунан вирус табылса, биз аны жабууга милдетүүбүз. Азыркы кезде коронавирус чыккан базарларда дезинфекциялоо иштерин мамлекеттик кызматтар жүргүзүп жатат. Бирок мындан ары ошондой учур катталса, базар же соода борборунун администрациясы ишти өз алдынча жасоого милдеттендирилет».

Алымкуловдун билдиришинче, акыркы 15 күн ичинде санитардык эрежелерди сактабаган 692 мекеме аныкталып, аларга жалпы суммасы 1 млн. 558 500 сом өлчөмүндө айып салынган.

Санитардык эрежени сактабаган коомдук транспорттун айдоочуларына да 40 миң сомдон ашуун айып салынган.

Вице-мэр андан сырткары Бишкектеги "Centre Bar" жана "LIVE BAR" караоке-барларынын, "Ыр-Кесе" кафесинин, "BootCamp" компьютердик оюн-клубунун иши да токтотулганын кошумчалады.

Мындан тышкары Орто-Сай базары 10-июнда убактылуу жабылды. 15-июндан тарта Ош базары үч күнгө, 18-июндан тарта Аламүдүн базары жабылат.

Адистер баш калаада, айрыкча коомдук транспортто, коомдук жайларда, базар жана кафе-ресторандарда вирус жуктуруп алуу коркунучу жогору экенин эскертишүүдө.

Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

«Вирус жугузуп алган бир эле адам менен 98 адам байланышта болуптур. Бул эрежени сактабагандыктан улам болуп жатат. Обочолонуп, аралыкты сактабасак, жүздөгөн кишилер бейтап менен байланышта болуп, алар кайра-кайра текшерилип ошончо аракетти, ошончо каражатты талап кылып жатат. Лабораториялык текшерүүлөр акысыз жүрүп жатканы менен анын баары мамлекет үчүн чоң суммадагы акча. Азыр оору кимден жукканы белгисиз учурлар абдан көп катталууда. Андыктан санитардык эрежелерди так сактоого чакырам», - деди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Үсөнбаевдин билдиришинче, акыркы бир суткада (11-июнга карата) коронавирус жуккан 36 адам жаңы аныкталса, алардын 17си Бишкек шаарынын тургундары.

Ош облусунда төрт, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында үчтөн, Ош шаарында жана Талас облусунда экиден, Нарын жана Баткен облустарында бирден адам вирус жугузуп алганы аныкталды. Ал эми илдеттен дарыланып жаткан 58 бейтап айыгып, үйүнө чыкты.

Кардиохирург, профессор Калдарбек Абдраманов өлкөдө эпидемиологиялык абал күчөп баратканын белгилеп, бийлик башчыларын шайлоодон мурда пандемияга олуттуу кароого чакырды.

Калдарбек Абдраманов
Калдарбек Абдраманов

«Шайлоо дегенде элдин баары коронавирусту унутуп калды. Азыр телевидение, гезит-журналдар шайлоо жөнүндө жаза баштады. Эртең коронавирустун экинчи толкуну каптай турган болсо, шайлоого эч кимдин чамасы келбей калат.

Депутаттар, Жогорку Кеңеш азыр бул маселеге олуттуу карашы керек. Алар тескерисинче коронавирустун экинчи толкуну келе жатса «шайлоо» деп жатышат. Эки ай карантинде отуруп, эркиндикти эңсеген эл көчөгө чыгып кетти. «Коронавирус жок» деп ишенбей жүргөндөр канча? Алар ооругандарды, өлгөндөрдү көрбөй жатат. Саламаттык сактоо министрлиги оору жуккандар жөнүндө маалымат бергени менен ага эл ишенбей калды. Бишкекте 2 миллионго жакын киши жашайт. Элдин 99 пайызы эч кандай эрежелерди сактабай жатат. Мурдагы жашоосуна кайтып, той, тажия, туулган күндөр өтө баштады».

Кыргызстанда коронавирус алгач 18-мартта катталган. Жалпысынан 11-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2129 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1638 бейтап айыгып кетти.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал кирген. Оору көп катталган айрым аймактарда 25-марттан 11-майга чейин өзгөчө абал жарыяланган. Азык-түлүк өндүргөн, саткан ишканалардан, дарыканалардан тышкары бардык ишкана-мекемелер убактылуу ишин токтоткон. Бул эреже 11-майдан тарта жоюлган.

25-майдан баштап Бишкекте кийим-кече саткан базарлар, жайкы кафе-ресторандар, театр-музейлер, галерея жана коомдук транспорттор ишке кирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG