Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Уландын өлүмү боюнча соттун жүрүшүн видеого тартууга тыюу салынды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна маркумдун тууганы Чынара Турдалиева билдирди.
Анын айтымында, 4-июндагы соттук отурумда тараптардын жарыш сөзү башталды. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда териштирилип жаткан ишти судья Марат Сыдыков кароодо.
Турдалиева видеого тыюу салынышын атайын көрүлгөн аракет деп баалады:
«Буга чейин видеого жакшынакай эле уруксат берилип жаткан. Демек, азыр өзүлөрүнө ыңгайлуу өкүм чыгарып, аны элге угузбаганга аракет кылып жатышат окшойт. Биз ошентип түшүндүк».
Сот органы мындай пикирге комментарий бере элек.
42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 2018-жылы сентябрда карай баштаган.
ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши - Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шектүү болуп жатканын жарыялаган. Булардын арасынан Осмонкулов 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Абыкулов Москвадан колго түшүп, 2019-жылы май айында Бишкекке жеткирилген. Саляновду өлтүрүлүшү боюнча шектүүлөрдүн дагы бири Заур Насруллаев Москвада кармалган. Ал Кыргызстанга өткөрүлүп бериле элек. (RK)