Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:22

Казак парламентинде аялдар менен жаштарга квота берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда Сенат шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамды алымчалап-кошумчалоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Анда шайлоого аттанган партиялардын тизмесинин 30% кем эмес бөлүгүн аялдар менен жаштар (29 жашка чейинкилер) түзүшү керек деген жобо бар.

Парламенттин тармактык комитетинин бул долбоор боюнча корутундусунда ал «аялдар менен жаштардын коомдук-саясий жараяндарга аралашуусуна өбөлгө болору» жазылган.

Кыргыстандын мыйзамдарына ылайык, парламентте аялдар менен жаштарга 30% квота каралган. Бирок иш жүзүндө мындай квота сакталбайт. Аял депутаттар кандайдыр бир себептер менен мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырса, алардын ордуна эркектер келишет.

Былтыр Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерде аялдарга квота каралган мыйзам кабыл алынган. Сентябрь айында Ысык-Көл облусунун Саруу аймагынын Алдашев айылдык кеңешине талапкерлерлер «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы бийлик бутактарына кайрылышкан. 70тей талапкердин колу коюлган кат президентке, Жогорку Кеңешке жана Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. Анда алар «жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30% аялдар болсун» деген өзгөрүүгө макул эмес экенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG