Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча агенттиги кыргыз тарапты акыйкат соттук териштирүүнүн эл аралык стандарттарын сактоого үндөдү.
Аскаровдун иши Кыргызстан менен эл аралык донор уюмдардын жана өлкөлөрдүн мамилесинин начарлашына алып келери айтылып жатат.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча агенттиги кыргыз бийлигин Азимжан Аскаровду коронавирус шартында артыкчылык иретинде тез арада эркиндикке чыгарууга чакырды.
Уюмдун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишел Бачелеттин өлкө бийлигине жолдогон кайрылуусунда «Кыргыз бийлиги акыйкат соттук териштирүүнүн эл аралык стандарттарын сактоого бир нече жолу милдеттенме алган жана муну Азимжан Аскаровдун мисалында көрсөтсө болот» деп айтылат. Башкы комиссар «акыр-аягы акыйкаттыкты калыбына келтирип, Аскаровду түрмөдөн бошотууга» үндөдү.
БУУ агенттигинин бул кайрылуусу 13-майда Аскаровго карата сот өкүмү Жогорку сотто күчүндө калтырылгандан кийин жарыяланды. Уюмдун атайын баяндамачысы Мэри Лолор жакында эле «Азаттыктагы» маегинде Аскаров түрмөдөн чыкмайынча кыргыз бийлиги жоопкерчиликтен кутулбай турганын айткан.
«Азимжан Аскаров түрмөдө отурганына 10 жыл болду. Ал адилетсиз сот чечиминин негизинде соттолгон. Абакта кыйноого кабылган. COVID-19 дүйнөнү каптап жатканда, анын түрмөдө отурганынын өзү кооптуу. Ал аярлуу топко кирет. Анын эч бир негизсиз 10 жыл абакта отурганы – сот системасына карата мамлекеттин мамилеси», – деген эле Мэри Лолор.
Кыргызстандын Жогорку соту Аскаровду өмүр бою түрмөгө кесүү тууралуу буга чейинки инстанциялардын чечимин күчүндө калтыргандан кийин АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча бюросу да билдирүү таратты.
Бюронун «Твиттердеги» баракчасында COVID-19 илдетинин коркунучуна байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков ырайым кылып, Аскаровду бошотушу керектиги боюнча өтүнүч келтирилген.
Ал эми Европа Биримдигинин Европа сырткы байланыш кызматы укук коргоочуга чыгарылган акыркы инстанциянын чечими Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетинин 2016-жылы кыргыз бийлигине берген сунушуна туура келбесин билдирди.
Европанын сырткы байланыш мекемеси БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров кармалган учурда мыйзам бузууга, кыйноого кабылганын, ага адилет сот укугунан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилбегени аныкталганын белгиледи.
Аскаровдун коомдук жактоочуcу, «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Аскаровго карата Жогорку соттун чечими Кыргызстан менен эл аралык коомчулуктун мамилесине кесепетин тийгизет деп эсептейт.
«Кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) чечимдерин аткаруудан баш тартып жатат. Аскаровду бошотуу боюнча мунапыс берүү, президенттин колунда ырайым кылуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Бийлик БУУнун чечимдерин аткарып, Аскаровду бошотот деген үмүттөбүз. Анткени ал оорулуу адам. Жакында 70 жашка чыгат. Мисалы, жакында эле Кыргызстанга жакшы жардам берип келген Германия бизден кетип жатат. Кыргыз тарап дагы башка өнөктөштөрүн жоготуп албашы үчүн президентти, бийликти адилеттүүлүккө чакырабыз».
Юристтер президент ырайым кылса Аскаровду абактан чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертишти. Укук коргоочунун жактоочуларынын сөзү боюнча, ал күнөөсүз экенин айтып ырайым суроодон баш тарткан. Мындан тышкары жаңы жагдайлар пайда болсо иш кайра каралышы мүмкүн.
Эл аралык коомчулук жана Аскаровдун адвокаттары укук коргоочунун ден соолугу начар экенин, коронавирус пандемиясында 70ке таяп калган адамды түрмөдө кармаганга болбой турганын айтып жатышат.
Кыргызстанда 8-майда Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, 60 жаштан ашкан эркектер жана 55 жаштан ашкан аялдар абактан бошотулат. Төлөкан Исмаилова ден соолугунун абалынан улам Аскаровду бошотуу бул мунапыска туура келерин билдирди.
Акыйкатчы Токон Мамытов «Азаттыкка» укук коргоочунун Жогорку сотто каралган иши боюнча комментарий берди. Ал жараянда мыйзам бузулбаганын айтып, Аскаровдун саламаттыгы тууралуу сурообузга жооп берди.
«13-майда Жогорку сотко барган биздин кызматкерлер мониторинг кылып «мыйзам бузуу болгон жок» деп чечим чыгарышты. Аскаровдун ден соолугу боюнча Акыйкатчы институтуна үй-бүлөсү, адвокаттары жана өкмөттүк эмес уюмдар да кайрылган. Биз Жаза аткаруу кызматына Аскаровдун ден соолугун текшергиле, дарыгерлер карап чечим чыгарышы керектигин айтканбыз. Алар бардыгын текшерип чыгып "ден соолугуна эч кандай коркунуч жок" деген жыйынтык чыгарган».
8-майда АКШ Сенатынын бир нече мүчөсү да Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, саясий көз карашы үчүн абакта отургандарды бошотууну өтүнгөн. Анда Аскаровдун ишине да көңүл бурулган.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети АКШнын демократ сенаторлорунун тобуна жооп иретинде кайрылуу кат жиберди. Анда Аскаровдун саламаттыгы канааттандырарлык экени, сот органдарынын ишине кийлигишүүгө жол берилбей тургандыгы айтылат.
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Стратегиялык иликтөөлөр боюнча улуттук институттун директору Эмилбек Каптагаев Аскаровдун ишине байланыштуу Кыргызстан менен эл аралык коомчулуктун мамилеси боюнча пикири менен бөлүштү.
«Эл аралык уюмдарда чаташуу болуп жатат. Алар Азимжан Аскаровду укук коргоочу катары карашууда. Аскаров өмүр бою укук коргоочу болуп иштегени менен ал эки сааттык кыймыл аракети үчүн соттолуп жатат. Ал 2-3 саатта укук коргоочу катары эмес, жаран катары кандайдыр бир аракеттерди жасаган да. Ал уюштуруучу катары элге багыт берүүчү, элге таасир берүүчү сөздөрдү айткан. Аскаров ушул иши үчүн соттолду. Мына ушуну так аныктап алыш керек».
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаровду 2010-жылы июнь окуясында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө күнөөлүү деп таап 2010-жылдын 15-сентябрында өмүрүнүн акырына чейин абакка кескен. Чүй облустук соту 2017-жылдын 24-январында өкүмдү күчүндө калтырган. Жогорку сот быйыл 13-майда эки инстанциянын чечимин колдоду.
Аскаровдун иши каралып жатканда ага карата мурдагы өкүмдөрдүн өзгөртүлүшүнө каршы болгон 20дай адам Жогорку соттун имаратынын алдына чогулушту. Алар Аскаровго карата өкүм өзгөртүүсүз калышын талап кылып, бул иш боюнча эл аралык уюмдардын кайрылууларын сындашты.
2010-жылдын 13-июнунда Базар-Коргондун Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосулуп, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми милиционер Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жибергени айтылган.
Өлкөдөгү укук коргоочулар жана бир нече эл аралык уюмдар Аскаровго тагылган айыпка макул болбой, анын бейкүнөө абакта отурганын билдирип келишет.