Жогорку сот Аскаровду абакта калтырды
Жогорку сот 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын карап, мурдагы соттордун өкүмүн күчүндө калтырды. Аскаровдун адвокаттары менен жакындары чечимге макул эмес экенин, укук коргоочу 10 жылдан бери түрмөдө мыйзамсыз отурганын айтып атышат. Иш каралып жатканда Аскаровдун мурдагы өкүмдөрүн өзгөртүүгө каршы болгон 20дай адам Жогорку соттун имаратынын алдына чогулушту.
Чыгарылыштар
-
Апрель 27, 2025
Молдовановка: Абак айланасындагы турмуш
-
Апрель 25, 2025
Киевдеги кандуу чабуул: Украина аза күтүүдө
-
Апрель 25, 2025
Жалдануу иши: Ташиев Орусиянын элчиси менен жолугушту
-
Апрель 24, 2025
Киевдеги чабуул: Трамп Путинди сындады