Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Баткенде жыл башынан бери 22 аткезчилик фактысы катталды


Баткен.
Баткен.

Баткен облусунун аймагында жыл башынан бери күч түзүмдөрү чек арадан мыйзамсыз жүк алып өткөн 22 учурду катташкан. Мыйзамсыз жүк ташуу фактыларынын баары Тажикстан менен чек арада болгон. бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 8-майда билдирди.

«Жогорудагы катталган учурлар боюнча тийиштүү укук коргоо органдары сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүп, келтирилген чыгымдар мамлекетке өндүрүлүүдө», деп айтылат маалыматта.

Акыркы убакта кошуна Тажикстан Республикасында коронавирус оорусу боюнча кырдаал курчуп жатканына байланыштуу чек ара аймактарында көзөмөл-өткөрмө бекеттеринин жана санитардык карантин постторунун иши күчөтүлгөн.

5-май күнү Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Арка айылынын жаштары жергиликтүү кеңештин депутатынын үйүндө тажикстандык жаранга таандык автоунаа менен жүк алмашып жатканын байкап, аны кармап алишкан. Жаштар кармалган машинени милицияга өткөрүп беришкен. Бир күндөн кийин милиция кармалган машиненин ичинде жүк жок, бош болгондуктан Тажикстанга өткөрүлүп берилгенин билдирди. (JsA)

XS
SM
MD
LG