Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:24

Чүй милициясы Атамбаевдин балдарынан жардам албаганын билдирүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы «мурдагы президенттин балдары Аламүдүн районундагы посттордо турган 200дөн ашык милиция кызматкерин тамак жана суусундук менен камсыз кылды» деген маалымат «чындыкка дал келбейт» деп билдирди.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы милиция кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттар жана тамак-аш менен толук камсыз болгонун кабарлады. Милиция мурдагы президенттин балдары жеке коргонуучу каражаттарды жана ысык тамакты өз каалоосу менен чыккан элдик кошуундун өкүлдөрүнө жана жергиликтүү тургундарга беришкенин белгиледи.

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев посттордо турган жергиликтүү тургундарга, милиция кызматкерлерине жардам бергенин «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.(TSh)


XS
SM
MD
LG