Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Орусияда бир күндө 9623 адамдан коронавирус аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2-майга карата Орусиянын 83 аймагында 9623 адамдан коронавирус илдети аныкталды. 57 киши вирустан көз жумду. 1793 адам оорудан сакайды.

COVID-19 Орусиянын 85 аймагына тарады. Инфекцияны жуктургандардын саны 124 054 адамга жетти. Анын ичинен 1222 адам көз жумду, 15013 бейтап сакайды.

1-майга караган акыркы суткада Орусияда 7933 адамдан вирус аныкталган. Бул - COVID-19 илдетине чалдыккандар эң көп аныкталган учур.

Коронавирусту Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин да жугузуп алганы 30-апрелде белгилүү болгон. Ал өзүн обочолоп, кызматтык милдетин убактылуу аткаруу биринчи вице-премьер-министр Андрей Белоусовго жүктөлдү.

Буга чейин Мамлекеттик Думанын эки депутаты да COVID-19ду жуктуруп алганы ырасталган.

XS
SM
MD
LG