Назгүл Ташпаева берген арызына ылайык президенттик аппараттын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчисинин кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Ташпаева 2018-жылдын декабрь айында президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
Быйыл жыл башында өлкө башчынын аппаратынын түзүмүнө өзгөртүү киргизилип, Ташпаева социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси, ал эми Кудайберген Базарбаев аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коом институттары менен иштешүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп бекитилген.
Ташпаева 2003-2009-жылдары өкмөттүк жана президенттик аппараттарда бөлүм башчылык, эксперттик кызматтарда иштеген. 2009-жылы эмгек жана социалдык коргоо министри болгон. Кийин эл аралык уюмдарда иштеп жүрдү. (BTo)