Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:19

Министрлик психолог-адистердин даректерин жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда апрель айынын алгачкы 15 күнүндө өлкө боюнча психологиялык жардам сурап 225 адам кайрылды. Алардын ичинен аялдар -169, эркектер - 43, өспүрүмдөр - 10, карыялар - 3. Мындай сандар психологиялык борборлорго түшкөн маалыматтардын негизинде чыгарылды.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги райондордогу, шаарлардагы башкармалыктарында балдарга жана ата-энелерге аралыктан (дистанттык) психологиялык жардам берүүчү борборлору уюштурулуп иштеп жаткандыгын кабарлап, анда иштеп жаткан адистердин төмөнкүдөй тизмесин телефон номерлери менен жарыялады:

- Бишкек шаарында: Адинай Жапаралиева (0709 710 320);
- Нарын облусунда : Света Саякбаева (0700 257890), Асыл Султанбекова (0708 747 274);
- Талас облусунда: Зарина Турукманова (0707 484 713);
- Ысык-Көл облусунда : Дарика Асанбаева (0553 835 717), Майрам Эмил кызы (0706 383 637), Мария Личаню (0551 733 390);

- Жалал-Абад облусунда: – Мимоза Нуракова (0776 089 181), Любовь Максименко (0559 803636);
- Ош шаарында, Ош облусунда: Дарика Асилбекова (0550231329), Гульнара Онкошова (0557 175 780), Наргиза Ештаева (0776 380 777), Өктөмкан Абдылдаева (0555 281 423);
- Баткен облусунда: Токтокан Мамбетова (0777 393 077), Бүшар Кадыралиева (0772 369 473).

Булардан тышкары 111 номеринде түз байланыш кызматы иштеп жатканы белгиленди.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги учурда кризистик борборлордо зомбулукка кабылган 22 аял, 25 бала баш калкалап турганын билдирди. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 18-марттан 28-мартка чейин Кыргызстанда жети бала жанын кыйган.

Укук коргоочулар коронавирус илдетине байланыштуу карантин башталгандан бери үй-бүлөдө жашыруун зомбулук күч алганын белгилешүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG