Казакстандын Алматы шаарындагы борбордук клиникалык оорукананын башчысы Алмаз Жувашев өз эрки менен кызматтан кетти. Анын алдында бул оорукананын 182 кызматкери өпкөнү сезгенткен жаңы вирус жугузуп алганы белгилүү болгон.
Алматынын коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Тлеухан Абилдаев: «Жетекчи кызматтан кетти, анын карамагындагы дээрлик 200гө жакын адам ооруп калды. Ал уюштуруу иштериндеги катачылык кеткенин билип-туйгандан кийин кызматтан кетүүгө арыз жазды», - деп айтты.
Бул оорукана ушул аптанын башында карантинге жабылган жана ушул тушта үйдө отурган оорукананын айрым кызматкерлери Алмаз Жувашевди кызматта калтырууну талап кылып видео кайрылуу таратышты. Ал өзү комментарий бере элек.
Казакстанда коронавирус 1275 адамдан табылды. Оорудан 15 киши көз жумду жана 200дөн ашыгы айыгып чыкты.