Коронавируска байланыштуу лабораторияга изилдеш үчүн 24 885 үлгү түшкөн. Алардын ичинен ушул күнгө чейин 24 356 анализ текшерилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 12-апрелде брифингде айтты.
«Реагенттер жетишпей калып, жүйөлүү себептер менен анализдерди өз убагында жасай албай калганбыз. 11-апрелде мурда алынган анализдердин баары такталып чыкты. Бир күндө 1674 анализ жасалды», - деди Каратаев.
Буга чейин Кыргызстанда коронавирусту аныктоочу тест-системалардын жетишсиздигинен миңдеген адамдардын анализи текшерилбей турганы белгилүү болгон.
Каратаевдин сөзү боюнча, ушу тапта 1025 киши обсервацияда жатат. COVID-19 вирусу аныкталган бейтаптар менен контактта болгон адамдардын саны – 6537. Жакын байланыштар (1-категория) – 1178. Башка байланыштар (2-категория) – 5359. Министрлик вирус табылгандар менен контактта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн экенин кошумчалады. (BTo)