Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Баткен: Лейлек район аймагында коронавирус катталган эмес


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-апрелде «Азаттыктын» тажик кызматы «Тажикстанда бир жарандын өлүмүнөн кийин райондук оорукана карантинге алынды» деген маалымат жарыяланган. Маалыматта 31-мартта пневмониядан каза болгон жаран жакында Кыргызстандан келгени белгиленген. Ошондой эле ал жаран менен байланышта болгон жарандарда, дарыгерлерде коронавирустун белгилери бар экени жазылган.

«Каза болгон тажик жараны жашаган Тажикстандын Кургонча айылы Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого айылы менен чектешет жана аталган айылда, Лейлек районунда, ушул күнгө чейин коронавирус илдети жуккан учур катталган жок» - деп билдирди «Азатттыкка» өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү.

Белгилей кетсек Баткен облусунда март айынын башынан тартып массалык иш-чараларга, той өткөрүүгө тыюу салынып, ири базарлар, өзгөчө чек ара аймактарындагы базарлар республикада биринчилерден болуп жабылган.

6-апрелге Баткен облусунда коронавирустун жаңы түрү жуккан 4 киши катталган, анын экөө Кызыл-Кыя шаарында болсо, экөө Баткен районунда. Бирөө 3-апрель күнү айыгып үйүнө чыгарылган. (JsA)

XS
SM
MD
LG