Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын эки облусунда жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 5-апрелде кечке маал Ош облусунда күчү очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө болуп, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилди.
Чоң-Алайда буга чейин 26-февралда жана 22-мартта да жер титиреген.
6-апрелде таңга маал, саат 04:59да Ысык-Көл облусунда күчү очогунда 3,5 балл болгон жер титирөө Ак-Суу районунун Кызыл-Жар, Жыргалаң айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.
20-мартта Ысык-Көл облусунун аймагында үч баллга чейин сезилген жер титирөө катталган болчу.
Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок жана эч нерсе кыйраган жок. (RK)