Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Эр-Рияд ажылыкка ашыкпай турууга чакырды


Кааба.
Кааба.

Сауд Арабиясы дүйнө мусулмандарын кырдаалга байланыштуу ажылык сапарын пландабай турууга чакырды.

Быйыл ажылык сапары июль айынын соңунда башталмак. Жыл сайын бул маалда Жер жүзүнөн эки жарым миллиондой мусулман Мекке жана Медина шаарларына зыяратка барат.

Сауд Арабиянын ажылык иштери боюнча министри Мухаммед Салех ибн Тахир «Аль-Ахбария» каналындагы маегинде анын өлкөсү зыяратчыларды кабыл алууга жана аларга кызмат көрсөтүүгө даяр экенин, бирок мусулмандардын саламаттыгы биринчи орунда экенин билдирди.

«Ошол себептен улам жалпы мусулмандардан азырынча зыяратка ашыкпай турууну суранабыз», - деди ал.

Быйылкы ажылык сапар 28-июлда башталып, 2-августка чейин уланмак. Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылык орунга 6110 квота бөлгөн. Сапардын баасы 3350 долларды түзгөн.

Меккеде беткапчан жүргөн зыяратчылар. 27-февраль, 2020-жыл.
Меккеде беткапчан жүргөн зыяратчылар. 27-февраль, 2020-жыл.

Ушул жылдын февраль айында Сауд Арабиясы Мекке менен Медина шаарларына чет өлкөлүк зыяратчылардын кичи ажылыкка же умрага келишин чектеген. Чектөөлөр киргизилгенге чейин барып калгандар коронавирусту жугузуп алганга үлгүрүшкөн.

Кыргызстанда коронавирус табылган алгачкы үч киши дал ушул умрага барып келгендер болгон.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаевдин айтымында, ажылык ар бир мүмкүнчүлүгү жеткен мусулманга парз болсо, умра - колунан келген адамдын гана сүннөт амалы.

Падышалыкта коронавирусту 2-апрелге карата 1885 киши жугузуп алды, анын ичинен 20дан ашууну көз жумду. Ушундан улам өлкө бийлиги Мекке жана Медина шаарларына 24 сааттык коменданттык саат киргизди. Алгач коменданттык саат түшкү үчтөн таңкы алтыга чейин гана болчу.

Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин арасынан эң оор кырдаал азыр Иранда. Ал жакта коронавирус жуккандардын саны 50 миңден ашты. 3136 киши көз жумду. Илдетке чалдыккандардын арасында парламент спикери Али Ларижени да бар. Ошентсе да байкоочулар Ислам Республикасында көрсөткүчтөр азайтылып айтылып атат деп боолголошот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG