COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, 26-мартка карата вирусту жаңыдан жугузган адамдар катталган жок.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму адамдардын кыймылын чектөө менен пандемияны жок кылуу мүмкүн эмес экенин билдирип, өлкөлөрдү бул убакытта саламаттык сактоо системасын жакшыртып алууга чакырды.
Акыркы абал
Кыргызстанда 18-25-мартта коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 44 киши болгон. Алардын эң кичүүсү бирге толо элек ымыркай, улуусу 86 жашта. Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Акматова 26-мартка карата COVID-19 вирусун жугузгандар жок экенин, ал эми вирус аныкталгандардын алтоо реанимацияга жаткырылганын айтты.
«Бул 30 жаштан 70 жашка чейинки курактагы жарандар. Бүгүнкү күндө алар айыгып, үйүнө чыгышы үчүн болгон иш-аракеттер көрүлүп жатат», - деди ал.
Коронавирус жугузуп алышы ыктымал деп жаткырылгандардын арасынан 34 адам ден соолугу канааттандырарлык деп ооруканадан чыгарылды. Мындан тышкары дене табы көтөрүлүп, коронавирустун белгилери байкалгандыктан ооруканага шектүү катары жаткырылган 122 адамдан 2-3 жолу лабораториялык анализ алынды. Анализи таза чыкса, өзүн жакшы сезсе, алар үй карантинине чыгарылат.
Кыргызстанда 5-февралдан 26-мартка чейин баш-аягы 2940 кишиден коронавируска байланыштуу лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, COVID-19 вирусу 44 адамдан табылды.
Вирус чыккан адамдар 1328 киши менен контактта болгон. Анын ичинен үй-бүлөдө болгон байланыштар 363 адам, калгандары тууган-туушкан, кошуналар жана башка жактарда болгон.
Айнура Акматова улгайган адамдардын арасында вирусту жугузуп алгандар көп экенин билдирди, ошол эле учурда «балдарга жугуу коркунучу аз» деген сөздөрдү четке какты.
«Коронавирус жаңы вирус болгондуктан, көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн окумуштуулары вирусту изилдеп жатышат. Изилдөөлөргө таянып айтсак, 60 жаштан жогорку курактагы адамдарга вирустун зыяны көбүрөөк таасир этет деген аныктамалар бар. Бизде балдар, өспүрүмдөр да коронавируска кабылган учурлар катталды. Алардын абалы азыр канааттандырарлык», - деди Акматова.
Ал «эки дарыгер менен медайымга коронавирус жукту» деген маалыматтарды жокко чыгарды. Кыргызстанда бейтаптар менен иштеп жаткан дарыгерлер медициналык каражаттар менен камсыздалганын, бирок ошол эле учурда бир жолу колдонулчу медициналык беткаптар менен мээлейлерге муктаждык бар экенин моюнга алды.
Акматова Кыргызстан коронавируска каршы туруш үчүн Кытайдан дарыгерлерди чакыруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын, ушу тапта өлкөдө кытайлык дарыгерлерге муктаждык жок экенин кошумчалады.
Республикалык штаб берген маалымат боюнча, бейтаптар үчүн өлкөдө 1623 орундук ачылган, кошумча 715 орундук бар. Интенсивдүү терапия үчүн 215 орундук каралган, дагы 68 орундук резервде турат.
ДСУнун сунушу
Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 вирусу менен күрөшүш үчүн мамлекеттерге бир катар сунуштарды берди. Уюм дарыгерлердин тажрыйбасын арттырыш керек экенин билдирип, вирусту аныктоочу тесттерди көбөйтүп, анын адамдарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга чакырды. Уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус өлкөлөр бардык кыймылды токтоткону менен пандемияны толук чектей албай турганын эскертти:
«Көп өлкөлөр COVID-19 вирусунун жайылышын басаңдатыш үчүн мектептерди, ишканаларды убактылуу жаап, спорттук иш-чараларды жылдырууда. Адамдардан коопсуздук үчүн үйдө калууну өтүнүп жатышат. Биз бул мамлекеттер көрүлгөн чараларды качан жана кантип жумшартыш керек экенин ойлонуп жатканын түшүнүп турабыз. Мындай чектөөлөр коронавирустун башкаларга жугушунун алдын алууга жана бейтаптардын өмүрүн сактап калууга жумшалышы керек. Бардык кыймылды токтотуу - бул убакыттан утуп, саламаттык сактоо системасынын жүгүн жеңилдетүү. Бирок ал пандемияны жок кыла албайт. Биз өзгөчө абал киргизген бардык мамлекеттерди бул убакытта вируска чабуул коюуга чакырабыз».
Өзгөчө абал эрежесин бузгандар
Кыргызстанда 25-марттан 15-апрелге чейин айрым шаарлар менен райондордо өзгөчө абал киргизилген. Бул убакыт аралыгында саат кечки 8ден эртең мененки 7ге чейин коменданттык саат болот жана адамдардын, автоунаалардын кыймылына толук тыюу салынат. Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жарандар чектөөлөрдү кынтыксыз аткарса оорунун алдын алууга болорун дагы бир жолу билдирди:
«Коронавируска каршы туруш үчүн мамлекет жана республикалык штаб тиешелүү чараларды көрдү. Мындан ары биз коюлган талапты так аткарганыбыз жакшы. Ар бир адам өздүк гигиенаны сактап, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму берген сунуштарды аткарса чоң маселе жаралбайт».
Өзгөчө абал Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна киргизилген. Милиция 26-мартка караган түнү өзгөчө абал режими иштеп жаткан аймактарда коменданттык саат эрежесин бузуп, көчөгө чыккан 320 кишини кармады. Бул түнү Бишкекте абал кандай болгонун баш калаанын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев айтып берди:
«25-мартта саат 20:00дөн 26-мартта саат 7:00гө чейин баш калаада тартип бузган 195 жаран кармалды. Алардын ичинен 14ү аял, 163ү эркек, алтоо жашы жете элек өспүрүм жана 18и чет элдик жаран – пакистандык жана индиялык студенттер. Алардын ичинен райондор боюнча: Ленин районунда – 56 адам, Свердлов районунда – 60 адам, Октябрь районунда – 37 адам, Биринчи май районунда – 42 адам кармалды».
Өзгөчө абал киргизилген аймакта жашагандар эртең мененки саат 7ден кечки 8ге чейин дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алыш үчүн жана медициналык мекемеге баруу деген үч гана себеп менен көчөгө чыга алат. Бишкекте ушу тапта 120 блокпост орнотулду. Шаарга сырттан кирүүгө уруксат жок.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.