Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Казакстанда Мухтар Жакишев түрмөдөн чыкты


Мухтар Жакишев түрмөдөн чыгууда. 19-март, 2020-жыл.
Мухтар Жакишев түрмөдөн чыгууда. 19-март, 2020-жыл.

19-мартта «Казатомпром» компаниясынын мурдагы жетекчиси Мухтар Жакишев абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулду. Семей шаарындагы колониянын дарбазасынын жанында аны тарапташтары, активисттер тосуп алышты. 11 жыл түрмөдө отуруп чыккан Жакишев Алматыга барарын айтты.

Жаза мөөнөтүнүн дээрлик жарымын ал Улуттук коопсуздук комитетинин изоляторунда, кийин Ички иштер министрлигинин ТИЗОсунда отурду.

Жакишев 2009- жылы коррупцияга айыпталып 14 жылга кесилген. Укук коргоочулар жана жактоочулары ал ишти саясий деп сыпаттап келишет.

Мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу өтүнүчтөр буга чейин канааттандырылган эмес. Быйыл 3-мартта сот кабыл алган чечимге ылайык, калган 3 жыл 2 ай жана 17 күн Жакишев пробациялык көзөмөлдө болмокчу.

Өткөн жылдан бери Казакстанда уюштурулган нааразылык акцияларынын катышуучулары улуттук компаниянын мурдагы жетекчисин жана башка саясий туткунарды эркиндикке чыгарууну талап кылып келишкен. Жакишев саясат менен алектенбесе да, 2013-жылы бир катар жергиликтүү укук коргоочулар аны саясий туткун деп таанышкан. Алардын пикиринде, Жакишев мурдагы банкир, казак бийлигин сындап жүргөн Мухтар Аблязов менен дос болгондуктан, бийликтин куугунтуктугуна кабылган.

2015-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Жакишевдин өкүмүн жокко чыгарыш керек экенин, анын калыс сотко укугу камсыздалбаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG