Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Армения өзгөчө кырдаал жарыялады


Армениянын Армавир чөлкөмү. 16-март, 2020-жыл.
Армениянын Армавир чөлкөмү. 16-март, 2020-жыл.

Армян өкмөтү коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн бир айга өзгөчө кырдаал жарыялады. Өлкөдө 16-мартта COVID-19 деген вируска чалдыккан 30 киши аныкталган, бир бейтап ооруканага жаткырылды, 300дөн ашуун киши карантинге алынды.

Өкмөттүн чечимин эми өлкө парламенти жактырууга тийиш, андан кийин гана күчүнө кирмекчи.

Армения өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ереван менен Москва эки жумага ортодогу аба каттамдарды токтотуу тууралуу макулдашты.

Өлкөдө билим берүү мекемелери окуу процессин убактылуу токтотушкан, Иран, Грузия менен чек аралар жабылган.

XS
SM
MD
LG