Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Коронавирус аныкталгандардын саны боюнча дүйнө өлкөлөрү Кытайдан озуп чыкты


Косово. Март, 2020-жыл.
Косово. Март, 2020-жыл.

Дүйнөнүн калган өлкөлөрүндө коронавирусту жугузуп алгандардын саны биринчи жолу Кытайдыкынан ашты. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Кытайдан тышкаркы жерлерде вирус 87 миңден көп кишиге жукса, ал өлкөнүн бийлиги 80 860 киши тууралуу билдирди.

Оорудан каза тапкандардын саны да Кытайдыкынан ашып, 6 513 киши болду.

Жакында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эски континентти «вирустун очогу» деп атаган. Европалык өлкөлөр биринин артынан бири чукул кырдаал жарыялап, чек араларын жабууда, карантин киргизишүүдө.

Вируска чалдыккандардын саны боюнча Европада биринчи орунда 20 миң киши катталган Италия, андан кийин 8 миң учур менен Испания турат. Бул эки өлкөдө каза тапкандардын саны да жогору. Франция эки шаарды, анын ичинде Парижди карантинге алышы ыктымал. АКШ европалык 26 өлкөдөн учуп келүүгө тыюу салган.

Бүгүн Армения чукул кырдаал киргизиши күтүлүп жатат.

Ирандын расмий адамдары саламаттык сактоо системасы мындай кризисти көтөрө албашы мүмкүн экенин билдиришти. Өлкөдө 14 миңден көп кишиде вирус аныкталган. Өлгөндөрдүн саны 724 кишиге жетти.

Вирустун тез тарашы глобалдык экономикага терс таасир тийгизип келатат. Ишкана, бизнестер убактылуу жабылууда, борбордук банктар финансылык рынокторду ооздуктоого аракет көрүшүүдө.

XS
SM
MD
LG