Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:17

Эпидемиологиялык кырдаал курч өлкөлөрдөн жашынып келгендер жоопкерчиликке тартылат


АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргызстанга коронавирустан сактануу каражаттарын тапшырды. 11-март, 2020-жыл.
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргызстанга коронавирустан сактануу каражаттарын тапшырды. 11-март, 2020-жыл.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова АКШ өкмөтүнүн жугуштуу оорудан сактануу каражаттарын кабыл алуу иш-чарасынан соң «Азаттыкка» билдирди.

Вице-премьер-министрдин маалыматына караганда, эпидемиологиялык кырдаал курчуп турган өлкөлөрдөн келип, бирок анысын жашырып кирип кеткен жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

«Туура эмес маалымат берип, Италиядан Орусия же Казакстан аркылуу келип, бирок анысын жашырып, ички паспорт менен өлкөгө кирип кеткен жарандар катталган. Андай фактылар билинип калган учурда алар оңой эле табылат жана карантинге жаткырылат. Эгер адамдар билип туруп, атайын ошондой кадамга барса, Жазык кодексинин 280-беренесине («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») ылайык жоопкерчиликке тартылат», - деди ал.

Алтынай Өмүрбекова жарандарды эң ириде өз өмүрүнө, андан кийин жакындарынын жана башкалардын өмүрүнө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

АКШ өкмөтү Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу 11-мартта Кыргызстанга коронавирустан сактануучу каражаттарды тапшырды. Анын ичинде 10 миң хирургиялык бет кап, 10 миң мээлей, 1,5 миң атайын халат, 200 коргоочу көз айнек жана 200 бет кап тапшырды.

Вице-премьер-министр бул каражаттар ооруга шектүүлөрдү иликтеген дарыгерлерге, алгачкы санитардык жардам көрсөтүүчү адистерге коронавирустун алдын алууда чоң көмөкчү болорун белгиледи.

Алтынай Өмүрбекова кыргыз өкмөтү жугуштуу илдеттин өлкөгө киришине жана жайылышына жол бербеш үчүн бардык чараларды көрүп жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда, чек аралардагы өткөрмө бекеттерде 22 санитардык карантин түйүндөрү ачылган. Ооруга шектүүлөрдү обсервациядан өткөрүш үчүн 1121 орун даярдалган.

Коронавирустун алдын алуу штабынын сунушу менен өлкөдө массалык иш-чаралар токтотулган. Мектептерде, соода борборлорунда, базарларда жана коомдук транспорттордо дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат.

Расмий маалыматтар боюнча, 11-мартта Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар катталган жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG