Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Шарифжон Рахмонов: Мен өзгөрө алдым


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызстанда муун аралык жана гендердик чектер алкагында коомчулуктун гендердик зомбулукка каршы күрөшү» долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар түзүмү тарабынан ишке ашып жатат.

Бул долбоор 2018-жылы башталып, Баткен, Талас жана Ысык-Көл облустарынан пилоттук аймактар тандалып алынган. Анда атайын окуулар өткөрүлүп, тренерлер даярдалган. Тренерлер андан ары өз аймактарында гендердик зордук-зомбулуктун алдын алуунун, балдарга карата зомбулукту токтотуунун, эрте никеге туруу маселелерин чечүүнүн жолдорун таратышат. Шарифжон Рахмонов да ушундай окууларга катышуу менен өз үй-бүлөсүндөгү абалды өзгөртө алган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) каржылоосу менен ишке ашкан долбоордун алкагындагы үй-бүлөнү сактоо, балдарды жана аялдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча кыска мөөнөттүү окууларга кокусунан катышып калып, жашоого, балдарына жана жубайына мамилесин өзгөрткөн Шарифжон Рахмонов өз башынан өткөндөрдү айтып берди. «Жаш курагы канчада экенине карабай мамилени, балдарга болгон корс тарбияны өзгөртсө, жубайына сый-урматты калыптандырса болот», дейт 56 жаштагы каарманыбыз. Айылда дыйканчылык менен алектенген Шарифжон мырза эми зордук-зомбулуктун алдын алууга башкаларды да чакырат.

- Сиз үй-бүлөңүз канча адамсыздар? Кантип бул долбоорго тартылып калдыңыз?

- Менин 4 уулум бар. Улуусу 18 жашта, кичүүсү эки жарым жашка чыкты. Бул долбоорго келип калганым кокусунан болду. Бир таанышым «ушундай тренинг бар экен, ошол жакка алып барып койчу» деп суранганынан аны жеткирип келип, анан баш багып калдым. Кызык сезилди. Бир аз отурсам таасирдүү нерселер айтылып жатыптыр. Анан «Мен да катышсам болобу?» деп суранып окууларга катышып калдым. Анан ошол жактан айтылгандарды карап көрсөм менде да кемчиликтерим бар экен.

- Кандай кемчиликтериңиз бар экен, үй-бүлөңүзгө мамилеңиз мурда кандай эле?

- Үйдөгүлөргө мамилем бир аз катаал эле. Жалаң уул балдар болгону үчүн катуу кармаш керек деп ойлоп, колум да тийип кетчү. Каалаган жактарына жөнөтчү эмесмин. «Ар кандай балдар менен баспа!» деп тыйып турчумун. Катуу айтчумун. Мамилем катуу эле, чынын айтсам. Анан ушул нерселерим туура эмес экенин билдим. Баланын да ички дүйнөсүн түшүнүп, анын да кыялдары, кызыкчылыктары тууралуу сүйлөшүп, эсептешиш керек экен. Мен аракеттене баштагандан кийин үй-бүлөмдөгү кырдаал чынында таптакыр өзгөрдү. Ортончу уулум тартиби бир аз кыйын болчу. Айтканды жасабайт эле. Көп пикир келишпестик бар болчу. Мен алгач кадам коюп өз мамилемди өзгөрткөндөн кийин ал баламда да башкача мамиле пайда болду. Бири-бирибизди сыйлап, урмат менен мамиле кылып, көйгөйлөрүбүздү талкуулап чогуу чечип калдык. Үйдөгү жумуштарды да бөлүштүрүп жасап калдык. Мурда келинчегиме да маани берчү эмесмин. Үй жумуштарынын баарын өзү жасачу. Азыр жумуштан кийин үй оокаттарына каралашып, кол кабыш кылып калдым. Ушул эле мамилени өзгөрүүнү бир туугандарыма да айтып жатам. Алар да аз-аздан үй-бүлөгө, келинчектерине сый мамиле кылып, бири-бирин сыйлап, уруш-жаңжалдары азайды. Туугандарга да айтып жатам, эми.

- Эми ошол өзгөрүүнү келинчегиңиз сездиби?

- Келинчегим да сезди, өзгөрүү болгонун. «Мурда мындай эмес элеңиз» деп айтты. Мурда мындай бир келиндер чогулган жайларга жөнөтчү эмесмин. «Андан көрө балдардын тамагына, тарбиясына кара, үй жумуштарыңды бүтүр» дечүмүн. Кечелер болсо ага да уруксат берчү эмесмин. Эми болсо «мындай бир курстарга, тренингдерге катышсаң болот эле» деп жатам. Эл менен сүйлөшүп, пикир алышып, көңүлү ачылып калат экен. Анткени адамдын жаңы нерселерди үйрөнүп, бири-бирин сыйлаган мамилеси болсо баарына жакшы экен. Балдардын окууга, жашоого, ата-энесине болгон көз карашы өзгөрдү. Убакытты да туура пайдаланып, спорт менен алектенип жатышат. Мурда андайга уруксат берчү эмесмин да. Азыр убактысын бекер өткөрбөй жакшы жагына өзгөрүштү.

- Сизге бул окууларда эмнени үйрөтүштү, эмне таасир берди?

- Ушул окууларга 2018-жылы катыша баштадым. Эң башынан баштап окутуп, үйрөтө башташты. 5 ыкманы колдонуп, алгач кыялдарды аныктоо, анын маанилүүлүгүн, мүмүкүнчүлүктөрүн эсептөө, башкалардын пикири менен эсептешүү, сыйлоо, кирешени арттыруу, үнөмдөө, убакытты туура пайдалануу сыяктуу бир нече кыска мөөнөттүү окуулар болду да. Анан уулум менен кошо ата-бала сынагына катыштым. Ага даярданып жатып уулум экөөбүздүн мамилебиз да башкача болуп өзгөрдү. Мен мурда мындай киши көп чогулган жерге барчу эмесмин. Эл алдында бир ооз сүйлөй алчу эмесмин. Түнт болчумун. Анан эл алдына чыгып сынакка катышканым да мени өзгөрттү. Балдарымдын кыялы, кызыкчылыктары мени кызыктырчу эмес. Азыр баарын ортого салып, үйдө талкуулай турган болдук.

- Угуп, окуп калып жүрөбүз, үй-бүлөсүнө, балдарына, аялдарга зомбулук көрсөткөндөр бар да. Ошондойлорго эмне деп айтмаксыз?

- Мен мындай айтар элем. Келинчеги менен, балдары менен таттуу мамиледе болуш керек экен. Алардын да көңүлүндө, оюнда эмне бар болсо ошону менен эсептешүү зарыл. Бири-бирин сыйлап, урматтап, макулдашуу менен талкуулап келсе эч кандай чечилбеген маселе болбойт экен. Талаш-тартышты сүйлөшүү менен чечсе болот экен. «Сен аялсың, менин ишиме аралашпа» деп чечим кабыл алган туура эмес. Ата-эне, уулдары менен кызы дебей баары жакшы мамиле менен туура, жолго оңой түшөт экен. Биздин аймакта аялдарга көп кеңешпей, «чечимди эркек кабыл алат» деп көнүп калганбыз да. Андай эмес, баарынын - балдардын да, кыздардын да, аялдын да - пикирин эске алсаң, нааразылык болбойт экен. Өкүмзордук менен, буйрук менен, мажбурлоо менен ишти чечсең анда иш жаманына айланып, ички нааразылык топтоло берет экен. Анын акыр аягы жаман болушу да мүмкүн. Өз өмүрүнө кол салган өспүрүмдөрдүн жоругун талдасаңар ошондо бир көйгөйү болот. Аны ата-энеси менен, жакындары менен бөлүшө албай, ачык сүйлөшүп талкуулабай, анан ушундай болгон учурлар да бар. Зордук-зомбулук менен үйдө көйгөйлөр ачык талкууланбаганда ушундай болот экен. Ушундай жаман көрүнүштөр зордук-зомбулуктан чыгат экен. Мындайга биз маани бербейт экенбиз.

- Айтып жүрүшөт го, «жашы өткөндө өзгөрүү мүмкүн эмес, мындай пейил сөөктө кетет» деп. Өзгөрсө болот экен да, демек?

- Өзгөрсө болот экен. Андай айтылган сөздөр туура эмес экен. Каалоо болсо, пейилди өзгөртсө болот экен. Аялдын да, балдардын да мендей эле жашоого, тандоого, чечим кабыл алууга укугу бар экен. Аны биз аңдап билишибиз керек экен. Жашың канчада, эркексиңби, аялсыңбы - үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотуш үчүн каалоо болсо өзгөрсө болот экен. Мен аны өз тажрыйбамдан, өз үйүмдөгү маанайдан көрдүм.

Рахмонов: Мен өзгөрө алдым
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:10 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG