Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Кой-Таш окуясы: Абактагылар прокурор Бекмаматовду айыпташты (видео)


Темирбек Бекмаматов.
Темирбек Бекмаматов.

Кой-Таш окуясына байланыштуу абакта жаткандар мамлекеттик айыптоо тобунун жетекчиси, прокурор Темирбек Бекмаматовду айыптаган билдирүү таратты.

Ага экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев жана ошондой эле Канат Осмоналиев, Фархат Баабиев жана Карыпбек уулу Рыспек кол койгон.

Билдирүүнү журналисттерге Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева окуп берди.

«Сот Бишкек шаарынын прокурору Темирбек Бекмаматов жетектеген мамлекеттик айыптоочулардын басымы менен өтүп жатат. Ал Асылбек Жээнбековдун жакындары дайындаган прокурор. Анын үстүнө коомчулукка тараган маалымат боюнча, Темирбек Бекмаматов Жээнбековдордун үй-бүлөсү менен байланышы бар. Бекмаматов Атамбаев президент болуп турганда башкы прокурордун орун басарлыгынан кеткен», - деп айтылат билдирүүдө.

Бекмаматов 2015-жылы башкы прокурордун биринчи орун басарынын кызматынан алынган. Буйрукка ошол кездеги президент Атамбаев кол койгон. 2018-жылы ал Бишкек шаарынын прокурору болуп дайындалган.

«Азаттыкка» комментарий берип жатып, прокурор Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардын дооматын четке какты.

«Сотто менин эч кандай кызыкчылыгым жок. Мыйзам боюнча сот көз каранды эмес бийлик бутагы. Ал прокуратурага баш ийбейт. Сотто басым болгон жок. Иш калыс эле каралып жатат. Ал эми иштеп кеткеним боюнча (башкы прокурордун орун басары катары) ал жерде таарынычым жок. Бул мамлекеттик жумуш. Убагында иштеп кеткем. Каршы пикир да айткан эмесмин. «Бийликке жакын киши» деген туура эмес. Мен өз жумушумду эле кылып жатам. Асылбек Жээнбеков менен байланышым жок. Аны жөнөкөй жаран катары эле билем», - деди Бекмаматов.

Мурдагы президент Атамбаев камалып, бир аскердин өлүмү менен аяктаган Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук жыйын 3-мартта өттү. Ага бул иштин алкагындагы 14 айыпталуучунун баары тең катышты. (BTo)

Кой-Таш окуясы: Абактагылар прокурорду айыпташты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

XS
SM
MD
LG