Кабо-Верде соту кемеге тогуз жарым тонна кокаин салып бараткан орусиялык 11 моряк боюнча чечим чыгарды.
Португалиянын Notícias ao Minuto гезити кеменин капитаны 12 жылга, экипаждын калган 10 мүчөсү 10 жылдан түрмөгө кесилгенин жазды. Дагы бир моряк каза болгонуна байланыштуу ага карата кылмыш иши жабылган.
Батыш Африкадагы Кабо-Верде мамлекетинде кемеге тогуз жарым тонна кокаин салып бараткан орусиялык 11 моряк былтыр январь айында камакка алынган. Алар Панаманын желеги илинген жүк ташуучу кеме менен Мароккого баратышкан.
Кеме экипаждын бир мүчөсү кайтыш болгондугуна байланыштуу Праянын портуна келип токтоого мажбур болгон. Маркумдун сөөгүн көргөнү келген полиция кеменин бортунан тонналаган кокаин тапкан. (BTo)