Кыргыздын туусун көтөргөн Арсалан
26 жаштагы кыргызстандык эркин күрөш балбаны Арсалан Будажапов өткөн аптада Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Будажаповдун атасы бурят, апасы кыргыз кызы. Ал былтыр апасынын өтүнүчү менен келип, кыргыз жарандыгын алып, мелдештерге Кыргызстандын атынан күрөшө баштаган.