Орусиянын Магнитогорск шаарында турак жайдагы жарылуудан кийин кармалган кыргызстандык Хусниддин Зайнабидинов он күн мурун абактан чыкканы, ага эч кандай айып коюлбаганы белгилүү болду.
30 жаштагы Зайнабидинов абакта жатканда Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) кызматкерлери жарылууга тиешеси бар экенин айттыруу үчүн аны электр тогу менен кыйнаганын, мурдун, кабыргаларын сындырышканын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматына айтып берди. Бирок орус полициясы Зайнабидинов жарылууга байланыштуу эмес, Кыргызстан аны экстрадициялоону өтүнгөнү үчүн кармалганын билдирди.
Магнитогорск шаарында 2018-жылы 31-декабрда он кабаттуу үйдө болгон жарылуудан 39 кишинин өмүрү кыйылган. Орус бийлиги анда газ түтүгү жарылганын билдирген. Бул окуядан кийин Магнитогорск шаарында борборазиялык мигранттарды текшерүү күчөп, айрымдары камакка алынганы маалымдалган.
1990-жылы Жалал-Абадда туулган Хуснидин Зайнабидинов 2010-жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. Ал жети ай тергөө абагында, алты ай депортациялык лагерде отурган.