Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Өзбекстанда согушкер уюмдун колдоочусу деген шек менен 21 киши кармалды


Сириядан алынып келген өзбекстандыктар. Ташкент, 2019-жыл.
Сириядан алынып келген өзбекстандыктар. Ташкент, 2019-жыл.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги тыюу салынган исламчыл согушкер уюмдун колдоочусу деген шек менен 21 киши кармалганын кабарлады. Мекеменин шаршемби күнкү билдирүүсүндө ал адамдар А.Шодибеков деген 23 жаштагы өзбек жаранынын «идеологиялык таасиринде» калышканы айтылган.

Кармалгандардын аты-жөнү ачыкка чыгарылган жок. Маалыматка караганда, шектүү адамдар Сириядагы «Katiba al-Tawhid wal-Jihad» («Монотеизмдин бригадасы жана Ыйык согуш») деген согушкер топту каржылоону жана ага кошулууну көздөшкөн. Өзбекстанда ал уюм террордук деп табылып, 2016-жылы тыюу салынган. Ички иштер министрлиги милиция кармалгандардын үйлөрүн тинтишкенин, уюмга катышын «далилдеген материалдар» табылганын кошумчалады.

Расмий маалыматка караганда, акыркы жылдары миңдеген өзбекстандык Сирия жана Ирактагы түрдүү согушкер топтордун катарын толуктаган.

XS
SM
MD
LG