Кытайда COVID-19 аттуу жаңы коронавирусту жугузгандардын саны 64 миң кишиге чукулдады. Өпкөнүн сезгенишине алып келген вирустан 1 миң 380 адам каза тапты. Дүйнөнүн 30га жакын аймагында коронавируска чалдыккан 565 киши катталды.
Ал ортодо Жапония илдеттен улам карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесиндеги айрым улгайган жүргүнчүлөрдү сыртка чыгара баштады. Ал жүргүнчүлөрдүн көбүнүн өнөкөт оорулары бар. Алардан коронавирус табылган эмес.
Бирок кемеде дагы эле жүздөгөн адамдар кармалып турат. Ал арада бир нече өлкө өз портуна киргизбей койгон дагы бир криуз кемесин Камбоджа кабыл алды.
50дөй өлкөдөн чыккан жүргүнчүлөрдүн арасында төрт казакстандык бар экени белгилүү болду. Түштүк-Чыгыш Азияны кыдырып жүргөн круиздик кеменин 3700дөй жүргүнчүсүнүн кеминде 218инен коронавирус аныкталды.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эпидемиядан улам кабатырланууга өтө чоң негиз жок деп билдирүүдө.
«Вирус катталган өлкөлөрдүн саны өзгөргөн жок. «Diamond Princess» кемесиндеги кырдаалды эске албаганда Кытайдан башка жерлерде вирус жугузгандар көбөйгөн жок», - деп билдирди уюмдун аткаруучу директорлорунун бири Майк Раян.
Бул аптада Кытайда 4 миңден ашуун бейтап толук сакайганы маалым болду.
Кытайдын вирус адеп катталган Хубэй провинциясында 56 миллион киши карантинден улам эки жакка чыга албай отурат.
Кыргызстанда Кытайдан жаңы келген 123 адам дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Дагы 591 киши жашаган жериндеги медициналык мекемелердин текшерүүсүнөн өтүп турууга милдеттендирилген.