Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

Кордайдагы башаламандыкта сегиз адам каза болгону кабарланды


Казакстандын Кордай районунда чыккан чырда сегиз адам каза болуп, ондогон адам жараат алды. Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургымбаев билдирди. Анын айтымында, эки полиция кызматкерине ок тийип, жараат алган. 30дан ашык турак үй, 15 имарат жана 23 автоунаа талкаланган. Кырдаалды курчутууга шек саналып 47 адам кармалып, алардан эки аңчылык мылтыгы алынган.

Министр “бардык күнөөлүүлөр жоопко тартыларын” билдирди.

7-февралдын кечинде Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана башка бир нече айылда жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгон. Анын себеби учурда расмий айтыла элек.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 8-февралда кайрылуу жасап, жаңжалдын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөнүн кабарлады.

Казакстандын Кордай районундагы жаңжал чыккан айылдар Кыргызстандын Токмок шаарына жакын. Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Чүй облусунун аймагындагы кыргыз-казак чек ара бөлүгүндө чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди.

Чек ара кызматы жаңжалдан соң "Кең-Булуң" жана "Токмок" өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанды көздөй жарандардын саны көбөйгөнүн кабарлады. Алардын көпчүлүгү аялдар менен балдар.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги бул окуядан соң Токмок шаардык ооруканасына 18 адам кайрылганын кабарлады. Алардын 17си казакстандык болсо, бирөө кыргызстандык.

XS
SM
MD
LG