Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:32

«Союз» космос кемеси Казакстанга конду


«Союз МС-13» кемеси экипаждын үч мүчөсү менен Эл аралык космос станциясынан Казакстанга келип конду. 61-экспедициянын катышуучулары – орусиялык Александр Скворцов, италиялык Лука Пармитано жана АКШ жараны Кристина Кук.

Кук космосто 328 күн жүрүп, аялдар арасындагы рекордду жаңыртты. Мурдагы рекорд 2017-жылы космосто 288 күн жүргөн америкалык Пегги Уитсонго таандык болгон.

Пармитано менен Скворцов космосто 201 күн болушту.

Кеменин капсуласы Жезказган шаарынан 150 чакырым аралыктагы жерге келип конду. Орбитадагы ишти орусиялык космонавт Олег Скрипочка жана америкалык астронавттар Жессика Меир менен Эндрю Морган улантат.

Кристина Кук космоско биринчи жолу учкан. Муну менен изилдөөчүлөр космосто узак жүрүүнүн аялдын организмине тийгизген таасирин иликтөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул НАСАнын Айга кайра баруу жана Марсты өздөштүрүү планы менен байланыштуу.

XS
SM
MD
LG