Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:19

Саймаити Матраимов менен тааныш болгонун ырастаган


Айеркен Саймаити
Айеркен Саймаити

31-январда Жогорку Кеңеште “Азаттык”, “Клооп” жана OCCRP медиа мекемелеринин иликтөөсүнө байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өттү. Анда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен Кыргызстандан миллиондорду чыгарып кеткен Айеркен Саймаитинин байланышы тууралуу сөз болду. Матраимовдун адвокаты Канатбек Азиз мындай дейт:

“Райымбек Матраимовдун Айеркен Саймаити менен мамилеси барбы-жокпу дегенге, мен расмий түрдө "эч кандай мамиле болгон эмес" деп анын атынан айта алам”.

Адвокат Саймаити каражатты "Ысмайыл Матраимов атындагы фондго" которгонун жүйө келтирүүдө. Аталган фонд Райымбек Матраимовдун атасынын атын алып жүрөт. Негиздөөчүлөрү - бир тууган Матраимовдор.

Айеркен Саймаити өзү Кыргызстанда иштеп жүргөн учурда Райымбек Матраимовду бир нече ирет көргөнүн, тааныштыгы бар экенин ырастаган. Хабибула Абдукадыр тарабынан Райымбек Матраимовдун атына деп бөлүнгөн акчаны “Ысмайыл Матраимов атындагы фондго" которгонун айтып берген.

“Менин көзөмөлүм боюнча үч миллион доллардан ашат. 2014-жылдан ушул убакка чейинкиси үч миллиондон ашат. Азыркыга чейин которуп жаткан болушу мүмкүн. Башкалар иштеп жатат. Мен чыгып кеттим” деп жооп берген эле Саймаити иликтөөгө камтылган маегинде.

Саймаити фондго которулду деген сумманын 2,4 млн. долларын ырастаган оригинал жана электрондук документтерди журналисттерге өткөрүп берген.

Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, депутат Искендер Матраимов да фондго Саймаитиден 200 миң доллар келгенин ырастаган.

Саймаити акчаны “Ысмайыл Матраимов атындагы фондго" фондго Абдукадырдын жүк ташуучу унаалары кыргыз бажысынан тоскоолдуксуз өтүп турушу үчүн которушканын ырастаган. Матраимовдордун үй-бүлөсү муну четке кагып келет.

Саймаити чордонунда болгон коррупция жана акча адалдоо тууралуу иликтөөнү толугу менен бул жерден окуй аласыз.

XS
SM
MD
LG