Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Ноокатта мал уурулук боюнча шектүүлөр кармалды


Шектүүлөрдөн алынган мал союуга ылайыкташкан жабдыктар. Сүрөт Ош облусунун милициясыныкы.
Шектүүлөрдөн алынган мал союуга ылайыкташкан жабдыктар. Сүрөт Ош облусунун милициясыныкы.

Ош облусунун Ноокат районунда төрт киши мал уурулук боюнча шектүү катары кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бул кылмыштуу топту кармаш үчүн төрт ай атайын иш-чаралар өткөрүлгөн. Алар жалпысынан Ноокат районунан 56 баш бодо малды жана 30 баш жылкыны уурдап, союп, Өзгөн шаарына алып келип сатышкан.

Кылмышка шектүүлөрдүн үйлөрүн тинтүү учурунда мал союуга ылайыкташкан бычактар, балталар, бир даана ок атуучу курал жана башка буюмдар табылган.

Мал уурулук боюнча шек саналгандардын бөгөт чарасы Ноокат райондук сотунда 14-январында каралып, экөө бир айга, калган экөө эки айга камакка алынды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы январдын башында да мал уурдаган топту кармаган. Алар Ноокат районунан 10 жылкыны уурдап, жүк ташуучу автоунаага жүктөп Чүй облусуна алып бара жаткан жеринен колго түшкөн. Шаардык сот алардын бөгөт чарасын карап, экөөнү камакта калтырып, калган экөөнү үй камагына чыгарган. (DU)

XS
SM
MD
LG