Сауд Арабиясы 2020-жылы ажылыкка барыш үчүн кыргызстандыктарга 6110 квота бөлдү. Тиешелүү келишимге Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен Сауд Арабиясынын ажылык министринин орун басары Абдел Фаттах бин Сулейман Машад кол койду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Муфтияттын маалыматына караганда, 2020-жылдагы ажылык сапарына барыш үчүн 7525 адам РСК банкына акчасын төлөдү. Учурда ажылыкка катталган жарандардын документтерин толуктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Сауд Арабиясы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга бөлгөн квотаны жыл сайын көбөйтүп жатат. 2018-жылы 5485 квота, былтыр 6010 орун бөлүнгөн. (BTo)