Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Базар-Коргон районунда жаңы оорукана салына баштады


Ооган-Талаа айылында курулушу башталган оорукана.
Ооган-Талаа айылында курулушу башталган оорукана.

Райондун Ооган-Талаа айылында эки кабаттуу жаңы бейтапкананын курулушу башталды. Республикалык бюджеттин эсебинен 87 млн. сом бөлүнүп башталган оорукананын курулуш иштерин кийинки жылы бүткөрүү пландалууда.

Капсула салуу аземине вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров жана жергиликтүү эл катышты.

Аймактык оорукана 45 миң калкы бар райондун тоолуу аймагындагы үч айыл өкмөттүн калкын тейлейт. Эски оорукана 1954-жылы салынып, 1985-жылы жараксыз абалда калган.

Андан бери 23 орундуу оорукана токой чарбасынын имаратында иштеп келатат. Жаңы имаратта эми эки үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ыкчам медициналык жардам көрсөтүү кызматы, 20 орундуу терапия жана төрт орундуу төрөткана ачылат. (RsK)

XS
SM
MD
LG