Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:52

Парламенттик шайлоо өткөрүүгө 828 млн. сом бөлүнөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылы өтө турган Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттарын шайлоого 828 млн. сом каралган. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламент жыйынында, өлкө бюджетин талкуулап жаткан учурда билдирди. Мындан сырткары быйыл он жылда жүргүзүлүүчү эл каттоого 191 млн. сом бөлүнөт. Укук коргоо органдарынын реформалоого 2,3 млрд. сом каралган. Сот-укук реформасын улантууга 724,5 млн. сом каралат.

Жарандардын коопсуздугу үчүн жаза аткаруу мекемелерин Бишкек шаарынын четине көчүрүү иштери башталат. Өкмөт башчынын айтымында, бул багытта атайын жумушчу топ түзүлүп, сунуштар даярдалып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG