Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:33

Киевде Донбасстан украин аскерлерин чыгарууга каршы митинг өттү


Киевдеги нааразылык акциясы, 29-октябрь, 2019-жыл.
Киевдеги нааразылык акциясы, 29-октябрь, 2019-жыл.

Украинанын борбору Киев шаарында 30-октябрда президенттин кеңсесинин алдында, Донбасстагы согуш тилкесинен аскерлердин чыгарылып жатканына байланыштуу нааразылык акциясы өттү. Митингге чыккандар бул кадамды "Кремлге баш ийүү" катары баалашты.

Мындан бир күн мурда, Луганск облусунун Золотое районундагы тилкесинен Киевге баш ийген Бирдиктүү күчтөрдүн операциясы бөлүмүнүн аскерлери жана өз алдынчалык жарыялап алган Луганск Элдик Жумуриятынын элдик милициясынын өкүлдөрү чыгарыла баштаган.

Бул жараянга ЕККУнун жана ок атышууну токтотуу процессин координациялаган бирдиктүү борбордун байкоочулары көз салып турушту.

Быйыл президенттик кызматына киришкен мамлекет башчы Владимир Зеленский өлкө чыгышындагы жаңжалга чекит коюуну убада кылып, октябрдын башында эл аралык коомчулукта «Штайнмайердин формуласы» деген ат менен таанымал документти ишке ашыруу зарылдыгын билдирген.

Киев, Москва жана ЕККУ аталган документке 1-октябрда кол койгон. Анын шартына ылайык Донецк облусундагы Петровск жана Луганск облустарынын Золотое аймагындагы калктуу конуштардан аскер күчтөрүн чыгаруу каралган.

XS
SM
MD
LG