Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:24

Сүймөнкул Чокморов тууралуу үч тилде китеп чыкты


30-октябрда КРдин эл сүрөтчүсү, атактуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун музейинде ал тууралуу чыккан китептин бет ачары өттү. Китеп кыргыз, англис, орус тилдеринде чыкты. Китепте Чокморовдун сүрөтчүлүк өнөрү, көркөм мурасы тууралуу баяндалган.

Чокморовдун сүрөтчүлүк өнөрүн изилдеген китептин автору - искусство таануучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Байыш Буудайчиев. Анын айтымында, Сүймөнкул Чокморов сүрөтчүлүк жаатында төрт жүздөн ашык чыгарма жараткан. Учурда 70тен ашыгы кыргыз көркөм маданиятынын алтын фондунда сакталуу. Калган эмгектери актёрдун үй-бүлө менчигинде жана чет элдик жыйнактарда турат.

Кыргыз киносунун тарыхында «Эң мыкты эркек актёр» наамын төрт жолу алган Сүймөнкул Чокморов тирүү болсо, быйыл 80 жашка чыкмак. (ZA)

XS
SM
MD
LG