Мурдагы министр Темирбек Акматалиев «РСК Банктын» директорлор кеңешине мүчө болуп кирди. Мындай маалымат Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан алынды. Ага ылайык, аталган банктын акционерлери 8-октябрда жыйынга чогулуп, директорлор кеңешинин курамын шайлашкан. Анын жыйынтыгында Адилет Жакыбалиев, Сталбек Сазбаков жана Темирбек Акматалиев банктын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп кирген. Ал эми кеңештин мүчөсү Данияр Бекболотов өз ордунда калды.
Фонддун маалыматы боюнча жакынкы күндөрү директорлор кеңешинин төрагасы шайланат.
Темирбек Акматалиев 2005-жылга чейин Ош облусунун губернатору, финансы министри, ички иштер министри, өзгөчө кырдаалдар министри болуп эмгектенген. Акыркы жылдары Улуттук илимдер академиясынын экономика бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.
«РСК Банк» - Кыргызстандагы эң ири мамлекеттик банк. (BkA)