Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Жалал-Абад Орусиянын Тюмен облусу менен түз кызматташмай болду


«Кыргызстандын Тюмен облусундагы күндөрү» маданий программа менен коштолду.
«Кыргызстандын Тюмен облусундагы күндөрү» маданий программа менен коштолду.

Жалал-Абад облусу Орусиянын Тюмен облусу менен кызматташмай болду. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий багытта кызматташуу тууралуу келишим кыргыз делегациясынын Тюмен шаарындагы иш cапарынын жыйынтыгында кабыл алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз өкмөтү менен Тюмен облусунун өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык боюнча 2019-2023-жылдарга түзүлгөн келишимди ишке ашыруунун жол картасы да кабыл алынды.

10-11-октябрда Тюмен шаарында кыргыз диаспорасынын «Биримдик» аймактык коомдук уюмунун 10 жылдык мааракесине карата «Кыргызстандын Тюмен облусундагы күндөрү» аттуу иш-чара өттү. Ага Кыргызстандан экономика министринин орун басары Элдар Алишеров баштаган өкмөттүк делегация катышты.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Москвадагы кыргыз элчиси Аликбек Жекшенкулов «Азаттыкка» алардын көбү Орусияда экенин билдирген.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү орус жарандыгын алган 500 миңдей кыргызстандык бар. (RK)

XS
SM
MD
LG