Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

«Эйр Манастын» каттамдарынын учуу убактылары жылдырылды


«Эйр Манастын» учагы.
«Эйр Манастын» учагы.

Бүгүн, 9-октябрда «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда, «Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыты боюнча бардык каттамдарынын учуу убактылары техникалык себептерден улам жылдырылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Өзгөрүүгө туш болуп токтотулган каттамдар:

193-каттам Бишкек-Ош, убактысы - 7:35
194-каттам Ош-Бишкек, убактысы - 9:50
197-каттам Бишкек-Ош, убактысы 12:00
198-каттам Ош-Бишкек, убактысы - 13:50
205- каттам Бишкек-Ош, убактысы - 16:00
206-каттам Ош-Бишкек, убактысы - 18:10

Учуу убактысы боюнча «Эйр Манас» авиакомпаниясынын өкүлдөрүнө 0770781391 уюк телефону аркылуу кайрылып, тактап алса болот. ​

25-сентябрда да «Эйр Манас» авиакомпаниясынын учагы бузулуп калып, Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча бардык каттамдары токтотулган. Компаниянын бир гана учагы бар.

2018-жылдын аягындагы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 36 учак бар. Анын тең жарымы жараксыз. «Авиатраффик», «Эйр Манас», «Тез Жет» авиакомпаниялары гана жүргүнчү ташуу укугуна ээ. (BTo)

XS
SM
MD
LG