Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Орусияда мигранттар уюшкан топту кууп чыгышты


Новосибирск.
Новосибирск.

Баштапкы маалыматтар боюнча Новосибирскиде жапырт мушташ үчүн кармалгандардын арасында 20дай кыргыз жараны бар. 

Орусиянын Новосибирск шаарында кыргызстандыктар катышкан жапырт мушташ Хилокский базарынын жанында 7-октябрда күндүзгү саат 11де башталган.

Күбөлөрдүн айтымында, базарда жашылча-жемиш саткан борбор азиялыктар акча опузалап жүргөн Тамерлан деген адамдын уюшкан тобуна каршы чыгышкан. Айрым маалыматтарда Тамерландын теги өзбекстандык деп жазылып жүрөт. Жергиликтүү медиа кабарлагандай, уюшкан топ эки жылдан ашуун базарда соода кылгандардан коркутуп акча өндүрүп, адамдарды талап-тоноп келген. Жабыр тарткандар бир нече ирет полицияга арыз менен кайрылган, бирок андан майнап чыккан эмес.

Бул ирет 4-октябрда башталган чыр үч күндөн кийин жапырт мушташка айланган. Бул күнү Тамерлан курал-жарак көтөргөн он чакты жан-жөкөрү менен келген. Интернетте таркаган видеолордо алар беттерин чүмбөттөп, автомат, тапанча көтөрүп жүрүшкөнүн көрүүгө болот.

Новосибирскидеги кыргыз диаспорасынын башчысы Жаркынбай Тойтуков базарда иштеген жүздөй борбор азиялык ал жакка келген куралчандарга каршы таш, союл көтөрүп чыгышканын айтып берди:

Жаркынбай Тойтуков.
Жаркынбай Тойтуков.

- Теги кыргызстандык Рашид аттуу жергиликтүү тургун бул топко кошулуп алып, анан бул базарда иштеген борбор азиялыктарды тоноп жүрүшкөн. Булар «дагы тонойбуз» деп, үч машинеде 12 адам болуп, автоматтар менен келишкен. Беркилер таш, союл көтөрүп чыгышкан. Жүздөй адам тигилерди сүрүп чыгып, машинесин өрттөп ийишкен. Үч-төрт адамга желим ок тийген. Алардын абалы жакшы, базарга чыгышты. Кылмыштуу топтун кээ бир мүчөлөрү кармалды. Бирок башкы уюштуруучулар кармалган жок.

Орусиялык басылмалар мушташка кеминде 200дөй киши аралашканын, окуяга тиешеси бар деген 50 киши кармалганын жазышты.

Новосибирскте мушташкан мигранттар кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:28 0:00

Ооруканалардан түшкөн маалыматка ылайык, желим ок тийген беш кишинин үчөө медициналык жардамдан кийин үйлөрүнө кетишкен. Ал эми көзүнөн жана башынан жаракат алган экөө ооруканага жаткырылган.

Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматкери Гүлбарчын Байымбетова Новосибирскидеги консулдук камакка алынган кыргыз жарандарынын санын тактап жатканын билдирди:

Гүлбарчын Байымбетова.
Гүлбарчын Байымбетова.

- «Кыргыз жарандары» дейт. Бирок «50дөн ашык жаран кармалды, бири каза болду» деген маалымат тастыктала элек. Бул боюнча элчилик, ИИМ, УКККБ иштеп жатат. Новосибирскидеги башкы консулдуктун кызматкери жеринде иштеп жатат.

Ал эми Новосибирскидеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү мушташтан кийин 20дай кыргыз жараны камакка алынганын айтышууда. Бул шаардагы башкы консулдуктун кызматкери Мээримбек Мапышев болсо маалымат берүүдөн баш тартты.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, Новосибирскиде 7-октябрда болгон жапырт мушташ боюнча шаардын укук коргоо органдары Орусиянын Жазык кодексинин 213-беренеси («Бейбаштык»), 163-беренеси («Опузалап талап кылуу») менен кылмыш ишин козгошту. Бирок орус ИИМинен алынган маалыматка караганда, иш «Бейбаштык» беренеси менен гана козголгон.

Мушташтан кийин камакка алынган 25 адам сурактан кийин коё берилген, укук коргоо органдары бул кылмыш ишине тиешеси барларды издеп жатат.

Новосибирск шаарындагы Хилокский базарында 200дөй кыргызстандык соода кылат. Ал эми бул жерде жашап иштеген кыргызстандыктардын саны 60 миңге жакын.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG